Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI кеңешинин кезектеги XI сессиясы
2018-жылдын 29-майы №1
Папан айыл өкмөтүнүн 2018- жылга карата жергиликтүү бюджетине кошумча муктаждыкка ылайык бюджетти кароо
Папан айылдык кеңешинин бюджет, финансы-экономикалык ѳнүгүү инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 28-майындагы №1 протоколунун чечимдерин карап чыгып, талкуулап айылдык кеңештин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2017-жыл 1-мартындагы № 131 токтомун ишке ашырууга, жана башка өндүрүштүк муктаждыктардан улам келип чыккан, кошумча чыгымдарды каржылоо үчүн түзүлгөн тиркемелерге ылайык бекитүү боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетине пландаштырылбаган лицензия кармоо үчүн түшкөн жана бюджетик кирешелерди эсебинен 2500,0 (эки жарым миллион) сом өлчөмүндө кошумча бюджет киреше жана чыгашасы менен бекитилип берилсин.
2. 1. Тармагы 70111 Башкаруу аппараты +1240,0 миң сом
2.Тармагы 70421 Айыл чарбасы +515,0 миң сом
3.Тармагы 70629 ЖКХ +1245,0 миң сом
4.Тармагы 70823 Маданият үйү +130,0 миң сом
5. Тармагы 70911 Балабакча +50,0 миң сом
6. Тармагы 70921 Билим берүү +420,0 миң сом
Баары: +3600,0 миң сом
(Эки жарым миллион сом)
3. Папан айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга кирешенин жана чыгашанын төмөндөгүдөй түрдө жергиликтүү бюджеттин долбоорунун структурасы бекитилсин. 2019-жылга 9188,4 миң сом, 2020-жылга 9278,4 миң сом, 2021-жылга 9393,4 миң сом, түрткү берүүчү грант 2019-жылга 7718,6 миң сом, 2020-жылга 7718,6 миң сом, 2021-жылга 7718,6 миң сом өлчөмүндө киреше жагы бекитилсин.
4. 2019-жылга 14167,8 миң сом, 2020-жылга 14578,2 миң сом, 2021-жылга 14801,0 миң сом мындан тышкары түрткү берүүчү грант 2019-жылга 7718,6 миң сом, 2020-жылга 7718,6 миң сом, 2021-жылга 7718,6 миң сом, өлчөмүндө чыгаша жагы бекитилсин.
5. Бул токтомду аткаруу Папан айыл өкмөтү жана анын тийиштүү бөлүмдөрүнө жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Бактыбаев |