Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 30-июну №2
Айылдык кеңешинин бюджет финансы-экономика өнүгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун чечимдерин кароо жөнүндө
Папан айылдык кеңешинин кезексиз ХIII сессиясы күн тартибиндеги айылдык кеңештин бюджет финансы-экономика өнүгүү инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жыл сентябрдагы отурумунун №1 протоколунун чечимдерин карап чыгып талкуулап сессия,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Папан айыл өкмөтүнүн 9 айлык отчетун тапшырууда элементи 11111100 подоход салыгынан 161,2 миң сом, жана элементи 14151200 Кожо-Келен Алтын кенин издөөчүлөрдөн пландан тышкары 721,1 миң сом ашыкча киреше түшкөн баары: 882,3 миң сом акча каражаты өндүрүштүк муктаждыкка ылайык төмөндөгүдөй каржылоо жагы сунушталды:
1. тармагы 70111 статья 2221 Админ. конторанын жылытуу системасын техникалык ремонттон өткөрүүгө 100,0 миң сом
2. тармагы 70629 статья 2222 Беккар яма техникалык куруу жана оңдоо
Атантай зонасына 80,0 миң сом
3. тармагы 70629 статья 2222 Алчалуу айылына железо-бетоный столба сатыпалууга 100,0 миң сом
3. тармагы 70629 статья 2222 Ак-Буура 4 жана Ак-Терек айылдарына электр/трансформатор сатып алуу 320,0 миң сом
4. тармагы 70629 статья 2221 Айыл өкмөткө караштуу ФАПтардын көмүрү үчүн техникалык навестерин оңдоого 162,3 миң сом
5. тармагы 70823 статья 2221 өрт өчүрүүчү щит огнетушитель топтомун сатып алуу 50,0 миң сом
7. тармагы 70921 статья 2222 Кышкы жылытуу системасына мектептерге электр товарларын сатып алуу 70,0 миң сом
Баары: 882,3 миң сом акча каражаты каржылоо жагы жүргүзүлсүн. Андан тышкары, 2018-жылдын жылдык бюджетин бекитүүдө Саипов атындагы орто мектепке теңдештирүүчү грандтын эсебинен айыл өкмөттүн салымы катары 300,0 миң сом акча каражаты каралган, бирок быйылкы жылы Саипов атындагы орто мектептин техникалык ремонтуна бөлүнгөн акча каражаты жана сметанын долбоору бекитилген жок, ошондуктан элдин суроо талабынын негизинде жогорудагы аталган 300,0 миң сом акча каражаты элдин таза суусу үчүн тармагы 70629 статья 2222 300,0 миң сом жылдырылуу жолу менен каржылоо жүргүзүү жагы бекитилсин, мурдагы бекитилген тармагы 70821 статья 3111 элементинин 300,0 миң сом акча каражаты кыскартылсын.
1. Жогорудагы өндүрүштүк муктаждыка ылайык отчеттон келип чыкан 882,3 миң сом акча каражаты жана каржыланбай калган 300,0 миң сом акча каражаты каржылоо жүргүзүлсүн.
2. Папан айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджеттин эсебинен IV кварталга карата экономдолгон жана каржыланбай калган калдыктардын эсебинен тармактан тармака статьядан статьяга ушул токтомду жетекчиликке алуу менен өндүрүштүк муктаждыка ылайык зарыл болгон тармактарга каржылоо жылдырылуу жолу менен мыйзам чегинде жүргүзүлсүн.
3. Кара-Суу райондук финансы-бөлүмүнөн (уведомление) жылдырылуу жолу менен каржыланбай калган тармактарга каржылоо жүргүзүүгө мыйзам чегинде уруксат берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Мияшевге жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы А.Калыковго каржылоо жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Бактыбаев |