Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 1/3
Бирдик айылынын тургуну Ажымүдүн Орозакуновдун жазган арызын кароо жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагына караштуу Бирдик айылынын тургуну А.Орозакуновдун өзүнүн жазган арызынын негизинде, өз каалоосу менен 2472 чарчы метр жер аянтынан баш тарткандыктан, 2472 чарчы метр жер аянты Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын. Бирдик айылына алынган 2472 чарчы метр жер аянтка спорт аянтча курууга уруксат берилсин.
2. Мыйзам чегинде тиешелүү укуктук документтери менен камсыз кылуу жагы, Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынан жана райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн турак жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адиси Т.Макешовго жана Бирдик айылынын айыл башчысы Б.Шарше уулуна милдеттендирилсин.
4. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарып берүү жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |