Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №4/1
Ак-Моюн айыл аймагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповдун, Ак-Моюн айыл аймагындагы аткарылып жаткан долбоорлордун аткарылышы боюнча отчету канааттандыраарлык деп баалансын.
2. Ак-Моюн айыл аймагындагы долбоорлор аркылуу аткарылып жаткан жумуштардын сапаттуу бүткөрүлүшүнө көзөмөлдүктөр жүргүзүлсүн.
3. Ак-Моюн айылынын кире беришиндеги “Кош келиңиздер” деген жазууга оңдоо-түздөө жумуштары аткарууга алынсын.
4. “О” Скай Мобайл, мегаком компаниялары тарабынан жана “Арашан” минералдык суусун пайдаланган фирмалардын ижара акыларынын убагында төгүлүшүнө көзөмөлдүктөр жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |