Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №4/2
Ак-Моюн айыл аймагындагы“Чар-Тревел” ЖЧКсы куруп жаткан туристик базанын жолуна шагыл төгүүгө уруксат берүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясыжогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылынын тургуну Абдыгазиев Исабектин жазган арызы боюнча “Чар-Тревел” ЖЧКсы куруп жаткан туристик базанын жолуна шагыл төгүү үчүн бизге тиешелүү карьерден шагыл алууга уруксат берилсин. Шагыл алынып бүткөндөн кийин кайра ал жерди жаап, тегиздөө жумуштары аткарууга алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |