Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №4/4
2017-жылдын 13-декабрындагы Нарын облустук Сотунун чечимин аткаруу жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 13-декабрындагы №ГД-200-/17Н-2 АН-05-80-17-ГД Нарын облустук Сотунун чечиминин негизинде Г.Көбөновага 25918 (жыйырма беш миң тогуз жүз он сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Соттун чечимин аткаруу максатында 22154900 статьясында каралган каражаттан 28231100 статьясына 26000 (жыйырма алты миң) сом жылдырылып берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин кошумча аткаруучу Н.Аскербековго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |