Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу № 4/5
Ак-Моюн айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга жайыт акы үчүн чогулткан акча каражаты жайытты жакшыртуу үчүн жайыт комитетинин өздүк эсебине толугу менен которуп берүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясыжогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга жайыт акы үчүн чогулткан акча каражаты жайытты жакшыртуу үчүн жайыт комитетинин өздүк эсебине толугу менен которулуп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин кошумча аткаруучу Н.Аскербековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |