Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-августу № 5/1
Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБнын 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылындагы “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБнын 2018-жылга карата бюджети __________________________________ сом болуп бекитилсин.
- Ак-Моюн айылындагы “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБда иштеген жумушчу-кызматкерлердин айлык акылары, мурдагы алып жүргөн айлык акысынын үстүнө 1000 (бир миң) сомдон кошулуп, көтөрүлсүн,
- Ак-Моюн айылындагы “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБнын бюджетинен 2018-жылга карата ремонтуна 40000 (кырк миң) сом каржылансын;
- Ак-Моюн айылында үйгө суу киргизем деген жарандар уруксат 1000(бир миң) сом акча каражатын “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБнын башчысы Б.Абдыразаковго алдын-ала төгүп, анан үйлөрүнө таза суу түтүктөрүн киргизишсин. Көзөмөлдөө жагы Б.Абдыразаковго тапшырылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айылындагы “Шекер-Мүрөгү” ИСКАКБнын башчысы Б.Абдыразаковго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |