Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-августу № 5/3
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин 701 бөлүгүнүн 22154900 статьясында каралган 711 300 (жети жүз он бир миң үч жүз) сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыктан жетишсиз статьяларга жылдырып берүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясыжогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин 701 бөлүгүнүн 22154900 статьясында каралган 711 300 сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыктан жетишсиз статьяларга жылдырылып берилсин:
№ | Аталыштары: | Суммасы (сом): |
1 | Ак-Моюн айылына АРИС долбоору аркылуу курулуп жаткан кампанын өздүк салымына | 138318 |
2 | Ат-Башы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан Ак-Моюн айыл аймагына курула турган тоют сактоочу жайга мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик акт алуу үчүн | 20000 |
3 | Экологиялык фондго | 20000 |
4 | Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна кассалык аппарат алууга | 20000 |
5 | Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн салык инспекторуна канцелярдык товар алууга | 15000 |
6 | Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга. Анын ичинен: -Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча жабдыктарды, материалдарды алууга -Жол белгилерин орнотууга керектүү белгилерди алуу (знак-40, “Абайла балдар”) -Жол белгилерин орнотууга керектүү курулуш материалдарын алууга | 59200
39200
13000 7000 |
7 | Беккари чуңкурун курууга | 59782 |
8 | А.Койчуманов орто мектебине жылыткыч алууга | 35000 |
9 | А.Койчуманов орто мектебине окуучулардын тамак-ашына | 54000 |
10 | Бирдик айылына курулуп жаткан жаңы мектепке видеокөзөмөл коюуга | 50000 |
11 | Тамчы-Булак балдар бакчасынын тамак ашына жана өрт коопсуздугун алдын алууга жабдыктарын алууга | 40000 |
12 | Бирлик-Таазими балдар бакчасына тамак ашына жана өрт коопсуздугун алдын алууга жабдыктарын алууга | 40000 |
13 | Бирдик айылындагы ФАПка көмүркана салууга | 30000 |
14 | Ак-Моюн айылындагы ФАПка көмүркана салууга | 30000 |
15 | Бирдик айылындагы курулуп жаткан кичи футбол аянттын курулушун толук бүткөрүүгө | 100000 |
| Бардыгы: | 711300 |
2.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |