Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №7/1
Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айыл өкмөт башчысына жана “Кут Аалам ЛТД” фирмасынын генералдык директоруна кийинки сессияга берилген тапшырмалар жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясыжогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин бекитүү тууралуу 2017-жылдын декабрь айындагы сессиянын протоколу кийинки сессияда көрсөтүлсүн.
2. 2017-жылдын аягындагы эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн акча каражаттарынын бөлүнүшүнө тиешелүү документтер кийинки сессияда көрсөтүлсүн.
3. Бирдик айылына салынып жаткан көчө чырак боюнча комиссиянын протоколу кийинки сессияда көрсөтүлсүн, сметчик чакыртылсын жана уткан фирманын жетекчиси кийинки сессияга катышуусу камсыздалсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
5. “Кут Аалам ЛТД” фирмасынын генералдык директору Ч.Карыбеков тарабынан өзүнүн убадасы боюнча 2018-жылдын 1-декабрына чейин, порталдан утуп алган камаздын акча каражаты, кайтарылып берилсин.
Төрага | К.Асаналиев |