Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №7/2
Ак-Моюн айылынын тургуну Асылбеков Чынгыздын жазган арызын кароо жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясыжогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылынын тургуну Асылбеков Чынгыздын жазган арызына ылайык, Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя суусунун жээгинен турист тосуп, кызмат көрсөтүү үчүн убактылуу 5(беш) жылдык мөөнөткө пайдаланууга 2 (эки) га жайыт жер аянты ижарага берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековго тапшырылсын жана Асылбеков Чынгыз менен эки тараптуу келишим түзүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |