Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №7/3
Бишкек шаарындагы Коомдук Телерадио Корпорациясы (КТРК) тарабынан уюштуруп жаткан “Шайыр апалардын” үчүнчү айлампасына катышууга Ак-Моюн айыл аймагынын “Арашан” шайыр апалар тобун, жол кире чыгымдары менен камсыздоо үчүн эконом акча каражатынан зарыл статьяга акча каражат которуу жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын “Арашан” шайыр апалар тобу Бишкек шаарындагы Коомдук Телерадио Корпорациясы (КТРК) тарабынан уюштуруп жаткан “Шайыр апалардын” үчүнчү айлампасына катышууга Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2215 статьясынын эконом акча каражатынан 20000(жыйырма миң) сом акча каражаты 2211статьяга которулуп жол кире, суткалык чыгымдары катары берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |