Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры №7/4
Ак-Моюн айыл аймагына жайыт комитетинин жайыт акыдан түшкөн акча каражаттарын жайыт комитетинин эсебине которуу, которулган акчадан жайыт жер салыгы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн эсебине которуу жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясыжогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагына жайыт комитетинин жайыт акыдан түшкөн акча каражаттары жайыт комитетинин эсебине которулсун, которулган акчадан жайыт жер салыгы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн эсебине которулсун.
2. Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетине түшкөн акчадан которулган жайыт жер салыгынан башка акча каражаттары, жайыт комитетинин эсебинде калтырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж. Осмонбековго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |