Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры №9/1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү Жобону бекитүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү Жобосу бекитилсин.
2. Жобого ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин. (Бир барак тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |
Ак-Моюн айылдык кеңешинин
2018-жылдын 10-декабрындагы
№ 9/1 токтомуна тиркеме.
“Бекитем”
Ак-Моюн айылдык кеңешинин
төрагасы:____________К.Асаналиев
“ 10 ” декабрь 2018-жыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү Жобосуна ылайык, Ак-Моюн айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамына түзүлсүн:
1. Манаев Мусабек – Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаты,
2. Акунов Абдыкадыр – аксакалдар сотунун төрагасы,
3. Жунус уулу Султан - муниципалдык кызматчы, Бирдик айылынын айыл башчысы,
4. Майрамбек уулу Арстан – Ак-Моюн айылындагы жаштар уюмунан өкүл,
5. Исмаилова Нургүл - жарандык коомдун өкүлү.