Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры №9/2
Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы “Тамчы-Булак” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү дем берүүчү грантка жазылган долбоордун өздүк салымына акча каражат кароо жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясыжогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы “Тамчы-Булак” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү дем берүүчү грантка жазылган долбоордун өздүк салымы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдан калган калдык акча каражаттарынын эсебинен 450000(төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты каржылансын.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |