Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры №9/4
Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы “Тамчы-Булак” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоордун проект-сметасына жана Ат-Башы районунун шаар курулушу жана архиткетура боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 27-ноябрындагы чыгыш №269 сандуу билдирүү каты боюнча, акча каражат кароо жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы “Тамчы-Булак” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоордун проект-сметасына 68000(алтымыш сегиз миң) сом акча каражаты Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылансын.
2. Ат-Башы районунун шаар курулушу жана архиткетура боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 27-ноябрындагы чыгыш № 269 сандуу билдирүү катынын негизинде Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн, Бирдик айылдарынын башкы пландарын жаңылоо максатында тийиштүү документтерин бүткөрүү үчүн, 70000 (жетимиш миң) сом акча каражаты Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылансын.
3. Финансылык которуу жумуштарды жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |