Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры №9/4
Ак-Моюн айыл аймагынын Бирдик айылындагы “Бирлик-Таазими” балдар бакчасына С. Мурзакматов атындагы орто мектебинин эски имаратынын түштүк тарабындагы кийинки салынган бөлүгүн убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын Бирдик айылындагы “Бирлик-Таазими” балдар бакчасына С.Мурзакматов атындагы орто мектебинин эски имаратынын түштүк тарабындагы кийинки салынган бөлүгү убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы “Бирлик-Таазими” балдар бакчасынын директору М. Мөндүрбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |