Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №10/1
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Республикадан өз ара эсептешүү жолу аркылуу кошумча түшкөн акча каражатты жана айыл өкмөттө бөлүктөрдөн жыл ичинде электр энергиясынан үнөм болгон акча каражаттарды бөлүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттары төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
№ | Аталышы: | Сумма (сом): |
1 | Бирлик-Таазими балдар бакчага тех.условия бүткөрүүгө | 2000 |
2 | Ак-Моюн айылындагы трансформаторлорду оңдоого | 19200 |
3 | А.Койчуманов орто мектебине щит, автомат алууга | 50000 |
4 | Бирлик-Таазими бала бакчасына жаңы ачылган 2группанын бөлмөсүнө инвентарь алууга | 100000 |
5 | А.Койчуманов орто мектебине компьютер алууга | 200000 |
6 | С.Мурзакматов орто мектебинин ашканасына мебель алууга | 100000 |
7 | Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн имаратына, депутаттар кабинетине жана айыл башчынын имаратына инвентарь, мебель алууга | 528800 |
| Бардыгы: | 1000000 |
2. Айыл өкмөттөгү бөлүктөр ичинде электр энергиядан эконом болгон акча каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
№ | Аталышы: | Сумма (сом): |
1 | Тамчы-Булак балдар бакчасына тамак-ашына | 50000 |
2 | Бирлик-Таазими балдар бакчасына тамак ашына | 50000 |
3 | Ак-Моюн, Бирдик айылдарында ит-мышыктарды атууга | 30000 |
4 | ФЭБ башчысы Г.Көбөновага 2018-жылдын 17-18-сентябрь күндөрү Бишкек шаарынан электрондук кол тамга жасатып келгендеги иш сапар чыгымдарына | 2358 |
5 | Канцелярдык товар алууга | 24600 |
6 | Ак-Моюн айылынын тургуну, тайганчы Жакыпов Майрамбекке Арабияга баруу үчүн жардам | 20000 |
7 | А.Койчуманов орто мектебине спорт залына жылыткыч алууга 50миң сом. | 50000 |
8 | С.Мурзакматов орто мектебине (3 в одном) принтер алууга | 50000 |
9 | “Бирлик-Таазими” балдар бакчасынын ижара акысына бир жыл үч айга | 45000 |
10 | Ат-Башы жаңылыктары газетасына кулактандырууларга | 9000 |
11 | Экологиялык фондго | 14600 |
12 | Ак-Моюн айыл аймагындагы мектептерге жана бала бакчаларга жардамга муктаж балдарга жаңы жылдык белек алууга | 60000 |
13 | Ак-Моюн айылындагы жаштар уюмуна Ак-Моюн айылындагы айылдык клубдун бир бөлмөсүн машыгуу жай кылып жасоо үчүн ремонтуна | 46442 |
| Бардыгы: | 452000 |
3. Финансылык которуу жумуштарды жүргүзүү жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Көбөновага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К.Асаналиев |