Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №10/1
Ак-Моюн айыл өкмөтүндөгү бүтпөй келген курулуштар жана айылдык кеңешке келген кайрылуулар жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү буга чейинки бүтпөй турган соц.объектинин имараты, губернатор берген 200 миң сом, бүтпөй турган Чыр-Тогон каналы боюнча, вулканизация бардыгы тиешелүү фискалдык органдарга берилсин.
2. Ак-Моюн айыл аймагынын Чар участкасындагы чыр болуп жаткан жер участкасы боюнча маселе Ак-Моюн айылынын аксакалдар сотуна берилсин.
3. Ак-Моюн айыл аймагындагы бардык мекемелерде, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |