Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №1/1
Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясына 4 жолудан келбеген депутаттардын депутаттык укугунан ажыратуу жөнүндө Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Асаналиев Конокбек Капаровичке ишенбестик көрсөтүү жөнүндө Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2018-жылы аткарылган жумуштары боюнча депутаттык текшерүү комиссия курамын түзүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылдык кеңешинин сессиясына 4 жолудан келбеген депутаттардын депутаттык укугунан ажыратуу маселесин кароо көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болбогондуктан бул маселе кароосуз калтырылсын.
2. Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Асаналиев Конокбек Капаровичке ишенбестик көрсөтүү боюнча жабык добуштун жыйынтыгы менен Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Асаналиев Конокбек Капарович өзүнүн ээлеген төрагалык ордунда калтырылсын.
3. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2018-жылы аткарылган жумуштар боюнча төмөндөгү депутаттык комиссия курамы текшерүү жүргүзсүн.
Депутаттык комиссия курамы:
1.М.Манаев,
2.Т.Мурзалиев,
3.Б.Султангазы уулу,
4.Т.Асанов,
5.Т.Токталиев.
4. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин долбоору кийинки сессияда каралсын.
Төрага | У. Ыбышов |