Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 2/5
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин жана сметасын бекитүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде, Ак-Моюн айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статист кызмат ордунун келишими бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |