Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-майы № 5/1
Ак-Моюн айыл аймагында жазгы айдап-себүү, күзгү оруп-жыюу жана малдын көчүү-конуу бааларын бекитүү, жайыт акыларды бекитүү жөнүндө
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу бааларын 2019-жылга карата төмөндөгүдөй сунуштайбыз:
1 (бир) гектар жерге карата:
- Аӊыз жерди айдоо: 800 сом. 25 литр солярка,
- Дыӊ жерди айдоо: 1000 сом. 30 литр солярка,
- Тырмоо: 400 сом. 10 литр солярка,
Эгер эки жолу тырматса дыйкан 10 литр солярка кошуп куят.
- Сеялка: 400 сом. 10 литр солярка,
- Арык тартуу: 150 сом. 5 литр солярка,
- Ешка: 1000 сом. 10 литр солярка,
- Косилка: 800 сом. 10 литр солярка,
- Бир боо пресс чөп 7 сом. 10 литр солярка,
- Комбайн: 1500 сом. 25 литр солярка .
-Чөп тырмоо 400 сом 5 литр солярка.
2. Бирдик айылы боюнча жазгы айдап-себүү, оруп-жыюу бааларын 2019-жылга карата төмөндөгүдөй сунуштайбыз:
1(бир) гектар жерге карата:
- Аӊыз жерди айдоо: 700 сом. 25 литр солярка,
- Дыӊ жерди айдоо: 1000 сом. 30 литр солярка,
- Тырмоо: 500 сом. 10 литр солярка,
- Сеялка: 400 сом. 10 литр солярка,
- Арык тартуу: 150 сом. 5 литр солярка,
- Ешка: 1000 сом. 10 литр солярка,
- Косилка: 700 сом. 10 литр солярка,
- Бир боо пресс чөп 7 сом. 10 литр солярка,
- Комбайн: 1500 сом. 25 литр солярка.
-Чөп тырмоо 400 сом 5 литр солярка.
3. Малдын көчүү-конуу баалары жана жайыт акылардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Мал баккан малчыларды ички жайытка кѳчүрүү 20-апрелден 25-апрелге чейин. Алыскы жана ортонку жайытка кѳчүүсү 10- июндан калбай кѳчүрүлсүн.
2. Баданы уюштуруу 1-майдан калбай колго алынсын. Уюштуруу жагы айыл ѳкмѳттүн кызматкерлерине милдеттендирилсин. Саан уйдун арасында субай мал калтырууга жол берилбесин.
3. Ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны бир ат, эки уйдан ашпасын.
4. Ак-Моюн айылына бада уюштурулуп, бадачынын эмгек акысы, бир уйга айына 300 сомдон бааланып, бадачыга төлөнүп берилсин.
5. Жайкы айылдагы камакка түшкѳн Бодо мал туягына 200 сом, майда малдын башына 20 сом айып пул тѳлѳнсүн. Күнѳѳлү адамдан айып акча корукчуга тѳлѳнсүн.
6. Ички жана алыскы жайытка кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳ кѳчпѳй тартип бузган учурда Бодо малдын башына күнүнѳ 200 сомдон, майда жандыктын башына 20 сомдон айып салынып, күнѳѳлү адамдан ѳндүрүлсүн.
7. Ак-Моюн айылы боюнча мал баккан малчылар майда жандыктын туягына 30 сом, Бодо малга 200 сом, тай, бука баккандарга дагы 250 сом тѳлѳнсүн, Эгерде ушул кѳрсѳтүлгѳн баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.тѳлѳмдѳрүн тѳлѳсүн. Бирлик айылы боюнча мал баккан малчылар майда жандыктын туягына 35 сом, Бодо малга 250 сом тѳлѳнсүн, жайыт акысы ушул баанын ичинде малчыдан алынат. Эгерде ушул корсотулгон баадан ашык ала турган болсо, патент, соц.тѳлѳмдѳрүн төлөсүн. Жайыт акы тѳлѳмдѳрүн малдын ээси малчыга кошоордо майда малдын туягына 10 сом, Бодо малга 45 сом, кулун музоого 32 сомдон, жалпы малдын жайыт акысын жайыт комитетине акчасын тѳлѳп, квитанциясын малчыга кѳрсѳтүп кошмойунча малы алынбасын. Малчы квитанциясы жок малды кошуп алса, мал санак убагында ашык чыга турган болсо, жайыт акы малчыдан сырттан келген баада ѳндүрүлсүн.
8. Айыл өкмөттүн каттоосунда жок сырттан келген малга жайкы жайытка (жайлоого) майда малдын туягына 20 сом, Бодо малга 80 сом, кулун музоого 42 сом жайыт акы тѳлѳнсүн. Жайыт акысы мал бакан малчыдан ѳндүрүлсүн.
9. Короо сарайдын жанындагы жайыт жерлерди тосуп алган учурда жайыт комитета менен бирдикте келишимдер убактылуу мѳѳнѳткѳ түзүлүп, сотыхына 10 сомдон тѳлѳнсүн. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттка пайдаланган учурда жеке жана юридикалык жактар сотыхына 100 сомдон тѳлѳнсүн.
10. Кочкор, теке баккандарга бир башына 100 сомдон баккандыгы үчүн алсын. Кочкорго бир башка, бир күн кошсо дагы бир ай кошсо дагы 100 сомдон мал ээси төлөсүн. Кочкор, текени мал ээси өзү алмайынча 1-октябрга чейин таратылбасын. Кочкор, текени багуу Качкынбаев Орозобекке тапшырылсын. Чабыр алгандар жоюлсун.
11. Малчы 1000 баштан ашык майда мал баккан учурда ашык малга патент тѳлѳтүп алынсын.
12. 2019-жылдын 5-октябрынан кийин алыскы, ортонку жайыттан, мал баккан малчылар кѳчүп келсин. Эгерде эрте кѳчүп келген малчылар болсо 5-октябрга чейин бодо малга 200 сом майда малга күнүнѳ 20 сом мал башына айып тѳлѳнүп, кайра Ак-Сай өрөөнүнө айдатылсын.
13. Кыштоодон 15-майдан кечикпей жаздоого кѳчүрүлсүн. Эгерде кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳн кѳчпѳсѳ бодо малга 100 сом, майда малга 10 сомдон күнүнѳ айып тѳлѳнсүн. Кайра кыштоого 1-ноябрдан кийин кѳчүрүлсүн.
14. Ак-Моюн айылына ички корукчу дайындалсын.
15. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн шарттар айылдык кеңештин сессиясында бекитилип, областык юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүлсүн.
16. Жогорудагылар боюнча малчылар менен келишимдер түзүлсүн.
17. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ж.Кайыповго тапшырылсын.
Төрага | К. Асаналиев |