Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 7
Республикалык бюджеттен которулган кошумча 2500,0(эки миллион беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйүнүн ондоо иштерине 1233,5 (бир миллион эки жүз отуз үч мин беш жүз) сом бөлүнүп берилсин.
2. Женижок (Өтө) акындын музейинин ондоо иштерине 965,2 (тогуз жүз алтымыш беш мин эки жүз) сом бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын короосунун Кара-Суу дарыясы тарабындагы жээгин тосуу үчүн курулуш материалдарга 18,3 (он сегиз мин үч жүз) сом бөлүнүп берилсин.
4. 2020-жылы эл жана турак жай фондторун каттоого карата айыл өкмөткө караштуу айылдардагы көчөлөргө аттарын жазуу жана үйлөргө катар номер коюу үчүн керектүү курулуш материалдарды алууга 70,0 (жетимиш мин) сом бөлүнүп берилсин.
5. Чалдыбар айылынын мечитинин короосунун курулушуна курулуш материалдар үчүн 6,0 (алты) мин сом бөлүнүп берилсин.
6. Кез-Арт айылынын мечитинин короосунун курулушуна курулуш материалдар үчүн 35,0 (отуз беш) мин сом бөлүнүп берилсин.
7. А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу орто мектебине Мерсико кайрымдуулук корпусу (Mercy Corps) аркылуу уюштурулуп жаткан окуучуларга ысык тамак берүү долбоорун ишке ашыруу үчүн ашкананын ондоо иштерине курулуш материалдарга 50,0 ( элүү) мин сом бөлүнүп берилсин.
8. К.Кенжебаев атындагы орто мектепке Мерсико кайрымдуулук корпусу (Mercy Corps) аркылуу уюштурулуп жаткан окуучуларга ысык тамак берүү долбоорун ишке ашыруу үчүн ашкананын ондоо иштерине курулуш материалдарга 50,0 ( элүү) мин сом бөлүнүп берилсин.
9. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн борбодук спорт залынын курулуш иштерине курулуш материалдар үчүн 70,0 (жетимиш) мин сом бөлүнүп берилсин.
10. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн борбодук мечитинин курулуш иштерине курулуш материалдар үчүн 2,0 (эки) мин сом бөлүнүп берилсин.
11. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн сметасына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча иш алып баруу жагы башкы бухгалтер Т.Тилекбаевге милдеттендирилсин.
12. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Малабеков |