Редакцияот 05.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

2019-жылдын 05-июлу №8

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын 28.06.2019-жылдагы №1100 сандуу каты боюнча

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Т.Тилекбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык, салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берилсин.

 

Төрага

Т.Малабеков