Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
2019-жылдын 05-июлу №12
Атуулдардан түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Жаныбеков атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча куруу долбоорунун инженердик геологиялык изилдөө иштерине 15,000 (он беш) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Япон гранты менен А.Жаныбеков атындагы орто мектебине ажааткана куруу үчүн жердин АПЗсын даярдоого 15,000 (он беш) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Д.Беккулуевдин билдирүүсү боюнча малдын кириш чыгышын компьютерге базага киргизүү үчүн, операторго 10000сом каражат бөлүнүп берилсин.
4. Ашыралиев Жылдызбектин, Чалыбаева Ботокөздүн арызы боюнча МЧС тин корутундусу болсо, Кабак-Дөңүнөн участка берүү жагын жер адис мыйзам чегинде карасын.
5. Аксы райондук ардагерлер кеңешинин төрагасынын 25.06.2019-жылдагы №7 сандуу каты боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы Ысык-Көл районуна тажрыйба алмашуу иретинде баруу үчүн 5000 сом каражат бөлүнүп берилсин.
Төрага | Т.Малабеков |