ОТРАДНОЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII чакырылышынын ХVIII кезексиз сессиясы
2018-жылдын 06-ноябры № 18
Отрадное айылдык Кенешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Отрадное айыл аймагынын 99% кыргыз улутундагы калк жашагандыктан Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26 беренесинин негизинде Отрадное айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отрадное айыл аймагында ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | К.У.Максютов |