Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели № 105
Айыл-чарба техникаларынын кызмат акы тѳлѳмүнүн тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2012-жылы «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 18,31-беренелерине ылайык, Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн алдында түзүлгѳн Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Ж.Калиевдин айыл-чарба техникаларынын (комбайн, трактор-экскаватор, соко, сепкич (сеялка), тарифтерин бекитип берүү боюнча сунушун карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Сары-Ой айыл аймагындагы жергиликтүү калкка Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Ж.Калиевдин айыл-чарба техникаларынын (комбайн, трактор-экскаватор, соко, сепкич (сеялка), үчүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Техникалардан түшкѳн акча каражаты Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун бюджетине кириштелсин.
3. Токтом катоодон ѳткѳрγлсγн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизγγ үчүн Ысык-Кѳл облустук юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы М. Сарбагышевге жана Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Калиев Ж. милдеттендирилсин.
5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин «Бюджет, финансы, экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү боюнча» жана «Жер агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жайы курулуш, байланыш, транспорт, отун энергетикасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |
Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин
10.04.2019-жылы №105, №106 токтому менен бекитилди
Соко менен 1 га жер айдоого | 800 (сегиз жүз) сом жана 30л ГСМ. | |
Сеялка менен 1 га жер себүүгө | 500 (беш жүз) сом жана 10л ГСМ. | |
Комбайн менен 1 га эгин чабууга | 1000 (бир миң) сом жана 30 л ГСМ. | |
Эксковатор кызматы | 1000 (бир миң) сом саатына (ГСМ ичинде) Юридикалык жактарга 1500 (бир миң беш жүз) сом саатына (ГСМ ичинде). | |
Айыл ичинде таштандыларды график менен чыгаруу үчүн | 20 (жыйырма) сом бир айга ар бир короо (түтүн), бир жылга 240 (эки жүз кырк) сом. | |
Келишим менен контейнер коюп, таштандыны бир жолу чыгарууга | 350 (үч жүз элүү) сом. | |
Эс алуу жайларынан чыккан таштандыларын өздөрүнүн техникасы менен таштанды жайга бир жолу төгүү үчүн төлөмдөрдүн баалары | ГАЗ-53, МАЗ Спец маш (мусоровоз) | 1000 (бир миң) сом. 1500 (бир миң беш жүз). 1500 (бир миң беш жүз). |
КАМАЗ автоунаасы |
3000 (үч миң) сом. | |
ХОВО (HOWO) автоунаасы | 8000 (сегиз миң) сом. | |