ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 10-апрели № 120
Кызматтык авто унаасын Жайыт комитетине бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Мыйзамынын 16-беренелерине ылайык, Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн алдында түзүлгѳн Жайыт комитетинин тѳрагасы Н.Ѳмүралиевдин сунушун карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги турган кызматтык нива-тайга маркасы 1155IВ, модели ВА321213 чыгарылган жылы 2003-жыл унаасын Жайыт комитетинин тѳрагасынын жоопкерчилигине бекитилип берилсин.
2. Нива-Тайга авто унаанын техникалык абалын карап, ондоо иштеринен ѳткѳрүп максаттуу пайдаланылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы М. Сарбагышевге жана Жайыт комитетинин тѳрагасы Н.Ѳмүралиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин «Бюджет, финансы, экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү боюнча» жана «Жер агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жайы курулуш, байланыш, транспорт, отун энергетикасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабек уулу |