Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы № 102
Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча акча- каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын бугу айынын 30дагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 31 беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1 мартындагы «Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» № 131 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген 8 сааттан ашык иштегендиктери үчүн, муниципалдык кызматкерлерди социалдык жактан колдоо максатында, айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпированын айлык маяна көлөмүн көбөйтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоӊ-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин функционалдык милдеттеринен тышкары аткарган иштери үчүн кызмат акыларына 30 пайыз өлчөмгѳ чейин кошумча акча- каражаты каралып бекитилсин.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык–Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду макулдашуу жагы Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Ормуковага жана ФЭБнун башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |