Загрузка документа…
ЧОН-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2019-жылдын 30-январы № 103
2019-жылдын үчтүн айынын 1ине карата Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын жергиликтүү бюджетинин калдык акча- каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2019-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттын чыгымдарга бөлүп берүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 13373,0 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаттарынын эсебинен жыл ичинде төмөндөгүдөй чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
- Айылдарда жолбуун иттерди атуудагы калдык карызы 40,0 миӊ сом;
- Ветеринардык врачтардын айлык акысы үчүн 13,7 миӊ сом;
- Орто мектептерге даараткана куруудагы калдык карызы 74,0 миӊ сом;
- Аппарат кызматкерлерине 2 айлык сыйлык акы, соц. фонду менен 643,0 миӊ сом;
- Айыл чарба техникасын сатып алуу учун 1600,0 миӊ сом;
- Сары - Ой айылындагы ФАПка насос алуу үчүн 40,0 миӊ сом;
- Смета жасатуу боюнча калдык карызы 24,9 миӊ сом;
- Бает айылындагы бала бакчанын курулуш иштери үчүн 1900,0 миӊ сом;
- Сары - Ой айлындагы маданият үйүнѳ канализация киргизүү иштерине 50,0 миӊ сом;
- Нурдѳѳлѳт ата, Бает орто мектептерине ѳрткѳ каршы суу топтоочу курулма орнотуу үчүн 320,0 миӊ сом;
- Нурдѳѳлѳт ата орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо, коӊгуроо орнотуу иштери үчүн 630,0 миӊ сом;
- Бает орто мектебинин чатырын алмаштыруу, дубалын жаӊыртуудагы ѳздүк салым үчүн 706,4 миӊ сом;
- Сары-Ой айылындагы жайлоого кетчү жолдорду оӊдоо иштерине 30,0 миӊ сом;
- Сары-Ой айылындагы ички жолдорго кѳпүрѳ салуу үчүн 100,0 миӊ сом;
- Ѳрнѳк айылындагы ички жолдорго кѳпүрѳ салуу үчүн 100,0 миӊ сом;
- Чок-Тал айылындагы жаӊы конуштарга суу тартуу иштери үчүн 1862,3 миӊ сом;
- Чоӊ-Сары-Ой айылына таза суу скважинасын казуудагы калдык карызы үчүн 900,0 миӊ сом;
- Кирешеден ашыкча түшкѳн акча-каражаттан 3% Ысык-Кѳл райондук Салык башкармалыгына которуу үчүн 390,0 миӊ сом;
- Чоӊ-Сары-Ой айылындагы казылган таза суу скважинасынын тегерегин курчоо үчүн 1000,0 миӊ сом;
- Чоӊ-Сары-Ой айылындагы таза суу скважинасына электр столбаларын орнотуу ж.б иштери үчүн 114,4 миӊ сом;
- Чоӊ-Сары-Ой айылындагы БСРди тазалоо иштери үчүн 1000,0 миӊ сом;
- Сары-Ой айылындагы жаӊы конуштарга линия тартуу 505,8 миӊ сом;
- Ѳрнѳк айылындагы Дуураты кѳчѳсүнѳ линия тартуу 500,0 миӊ сом;
- Чоӊ-Сары-Ой айылындагы АРИС долбоору боюнча ѳздүк салым 628,5 миӊ сом;
- Айланма каражаттын жүгүрүмдүүлүгү үчүн кассага 200,0 миӊ сом.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г. Ормуковага жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Абдырахманов |