Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XIV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 30-январы № 14-1
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жыл үчүн Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү жалпысынан алганда план боюнча 13062,2 миң сомду түзсө анын ичинен жергиликтүү бюджет план боюнча 8266,8 миң сом болсо аткарылышы 7842,0 миң сомду түзүп 94,9 пайызга аткарылган.
2. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдагы планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү Кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алгандан кийин гана аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана салык, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |