Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XIV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 30-январы № 14-3
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана аны бекитүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн уюштуруу аркылуу жергиликтүү деңгээлде юридикалык жана физикалык тараптарга жеткиликтүү, сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды “Бир терезе” ыкмасында көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорого-кырк кадам (кадам 1 жана кадам 2) Программасын ишке ашыруу максатында Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө Жобо сунушталган өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жактырылсын жана бекитилсин.
2. Жободогу борборду түзүүнүн милдеттерин жана анын ишмердүүлүгүн уюштуруунун тартибин ишке ашыруу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер,агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |