Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 15-1
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин 26-март 2019-жылы кабыл алган 9-2 сандуу токтомун кайра кароо боюнча
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги IX-сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын 2018-жылдын 9-февралдагы №КЛ-583 Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш,Кызыл-Кырман,Кашка-Терек жана Кош-Коргон айыл башчыларынын айыл тургундарына жеке турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун карап,талкуулап Баш-Дөбө айыл аймагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын берген сунушу боюнча 42(кырк эки) чактуу Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынын өкмөтүнүн тургундарынын жеке турак жай салууга жер тилкесин сурап арыз жазгандардын саны 600(алты жүз)дөн ашуун экендиги аныкталды.Ошол себептен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169чу токтому менен бекитилген убактылуу Жобонун негизинде 42(кырк эки) чактуу Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына Баш-Дөбө айыл аймагынан жер тилкесин берүү боюнча 2018-жылдын 26-мартында 9-2 сандуу токтом кабыл алынган.Бирок белгисиз себептерден улам Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздары сессияда каралганына карабастан жер тилкесин алуу үчүн адамдарынын санын 60(алтымыш) андан соң 78 адамга көбөйтүп Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө сунуш кылышкан.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Зулпукаров бул маселени бизин карообузга койду,баардык келтирилген сунуштарды угуп талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин 26-март 2018-жылы кабыл алынган 9-2 токтому күчүндө калтырылсын.
2 Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан турак жай салуу үчүн 42(кырк эки) кайрылман статусу бар адамдарга жер тилкеси ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер,агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |