Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XIV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 30-январы № 15-3
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2018-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2018-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн бюджеттен 1 239433 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселе айылдык Кеңештин бюджет,салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясында каралып алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн бюджеттен 1 239433 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жумшалсын.
2. ЖКХ багытына 1 239433 сом жумшалсын.
3. Жогорудагы бөлүнгөн акча 22211100 статьясына 875 244 сом, ал эми 22151100 статьясына 364 189 сом жумшалсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана салык, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |