Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XIV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 30-январы № 15-4
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айылынын атын өзгөртүү боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын чайканасында 2019-жылдын 2-мартында Кеңеш айылынын атын “Карабагыш” айылы деп өзгөртүү боюнча болуп өткөн элдик жыйындын протоколунун негизинде жана айылдык Кеңештин жер,агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясында каралып алардын талкуусунан өткөндүгүн эске алып Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кеңеш айлынын аты “Карабагыш” айылы деп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер,агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |