Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 15-9
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра болүштүрүү Мамлекеттик фондунун жерлерин бааларын бекитүү боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин жана айыл чарбасына ыңгайсыз жерлерин бааларын бекитүү боюнча Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Жарматовдун сунушун угуп,талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Терек айылындагы 1га жер кайрак айдоо 1200(миң эки жүз) сом,шартуу сугарма жер 1га 2300(эки миң үч жүз),сугарма жер 1га 3300(үч миң үч жүз) сом,шаалы аянты 1га 6600(алты миң алты жүз)сом.
2. Көк-Таш участкасындагы кайрак 1га жер 1200(миң эки жүз)сом.
3. Айгыр Жол участкасындагы кайрак 1га жер 1200(миң эки жүз) сом,шартуу сугарма 1га жер 2300(эки миң үч жүз)сом.
4. Айыл чарба багытында бирок тыт көчөттөрдүн орду 0,10га жер 100(жүз) сомдон 400(төрт жүз) сомго чейин.
5. Айыл чарбасына ыңгайсыз жер 0,01га жер 10(он) сомдон 200(эки жүз)сомго чейин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |