Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 15-10
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга таштанды төгүүчү жайларды бекитүү боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кеңеш,Кызыл-Кырман,Кашка-Терек жана Жаңы Жол айылдарына коомдук муктаждыктар үчүн таштанды төгүүчү жерлерди ажыратуу боюнча Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Жарматовдун сунушун угуп,талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1-статьясынын 3.2 пунктуна ылайык коомдук муктаждыктар үчүн Кеңеш айылына №376 контурдан жар болуп кеткен(овраг) жерден 0.07га,Кызыл-Кырман айылына №321 контурдан жар болуп кеткен (овраг)жерден 0,07га,Кашка-Терек айылына №33 контурдан жар болуп кеткен (жайыт) жерден 0,07га,Жаңы-Жол айылына №1153 контурдан жар болуп кеткен (жайыт) жерден 0,07га жер аянты таштанды төгүү үчүн ажыратылып берилсин.
2. Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына (/.Кошуев) жер участогун мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |