Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XIV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 15-12
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашка-Терек айылынын кеңейтүүгө калган кайра бөлүштүрүү фондунун жерин калктуу конуштун жерлери категориясына которуу боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашка-Терек айылын кеңейтүү үчүн калтырылган№683-контурдагы жер аянты 1994-жылдагы жер реформасы болгондо айыл өкмөттүн тургундарына үлүшкөтуура эмес таркатылып жиберилген.№683-контурга чек аралаш болгон №679-контурундагы мамлекеттик фондунун жер аянты калктуу конуштун жерлери болуп Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн административдик аймактык картасына түшүрүү боюнча угуп,талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айгыр-Жол участкасындагы №679-контурдагы мамлекеттик фондунун жер аянты калктуу конуштун жерлери болуп Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн административдик аймактык картасына түшүрүлсүн.
2. Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына (/.Кошуев) жер участогун мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |