Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XV кезектеги сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 15-2
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин 26-март 2019-жылы кабыл алган 9-1 сандуу токтомун жокко чыгаруу боюнча
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин Өзгөн шаарына курулуучу канализациянын саркынды сууларын тазалоочу курулмасына тандалган жер тилкесинде үлүшү бар жарандарга алардын үлүш жер тилкелерине тете үлүш жер тилкелерин Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №573-контурунан ажыратып берүү жөнүндөгү 2018-жылдын 26-мартында кабыл алынган 9-1 сандуу токтому төмөндөгү негиздер менен жокко чыгарылууга жатат.Өзгөн райондук администрациясынын 17-декабрь 1994-жылдагы №548-токтому менен Баш-Дөбө айыл аймагындагы жарандарга 0,08га сугат үлүш жер тийген ал эми №998-контурдан үлүшү бар жарандарга туура эмес ашыкча 0,16га жер тилкеси ажыратылып берилип калган.Мындан сырткары №573-контурда азыркы мезгилде инертик материалдар (таш-шагал) төгүлүп дыйкандардын түшүм алуусуна мүмкүн болбой берилген жер тилкеси пайдаланылбай жатат.Белгисиз адамдар төккөн таш-шагалдар боюнча териштирүү иштери укук коргоо органдарында каралып жатат.Жогоркулардын негизинде баардык келтирилген сунуштарды угуп, талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин 26-март 2018-жылы кабыл алынган 9-1 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. №573 контурда жайгашкан 5(беш)гектар жер Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансына кайра алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер,агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |