Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XI кезектеги сессиясы
2018-жылдын 18-августу № 11-2
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын кире бериш жерине “Арка” куруу боюнча
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин VI-чакырылыштагы XI-сессиясынын күн тартибине киргизилген Кеңеш айылынын тургундарынын “Арка” куруу боюнча арызы жана элдик жыйындын 15-август 2018-жылдагы протоколун карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчилике алып Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын кире бериш жерине “Арка” курууга 40 кв.м жер участогун бөлүп берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Кеңеш айылына тоскоол жаратпаган деңгеелде курулушун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |