Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XI кезектеги сессиясы
2018-жылдын 18-августу № 11-3
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн артыкчылыктуу долборлоруна кошумча лимит алуу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдарынын артыкчылыктуу долбоорлор деп Кашка-Терек,Кенеш айылдарына таза суу линиясын курууга жана Кашка-Терек айылынын №56 К.Кулматов атындагы орто мектептин тамактануучу блогун жана Кенеш айылындагы спорт залды капиталдык ремонттон өткөрүү долборлоруна 473,0 миң сом кошумча лимит алуу боюнча Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Хакимовдун сунушун угуп талкууулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жогорудагы артыкчылыктуу долбоорлорго кошумча 473,0 миң сом лимит берүү жагы КРнын Каржы министилигинен суралсын.
2. Каралган акча каражатына смета түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана салык, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |