Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XI кезектеги сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 12-1
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-ай ичинде аткарылышы боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-ай ичинде аткарылышы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн пткарылышын талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылдын 9-ай ичинде Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү жалпысынан алганда план боюнча 6245,4 миң сомду түзсө аткарылышы 6263,4 миң сомду түзүп 100,6 пайызга аткарылган.
2. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетине 9-айлык планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү Кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алгандан кийин гана аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана салык, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |