Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XI кезектеги сессиясы
2018-жылдын 24-декабры № 13-1
Баш-Дөбө айыл аймагынын 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2020-2021-жылдагы проектисин кароо жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын 2019-жылга айыл өкмөттүн бюджетин бекитүү боюнча 2010-2021-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык Кеңештин бюджет,финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынында алдан ала каралып алардын сунуштарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 11583,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрүнө ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 114,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,социалдык фондко чегерүү,тамак аш,дары дармек жана милдеттүү камсыздандырууга чегерүү) комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү грпнттарды биринчи кезекте корголгон беренелер жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыталсын.
6. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча органдары өз жоопкерчилигине алышат.
7. Бюджеттик мекемелер,чарба жүргүзүүчү субьектилер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдалынылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
8. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынсын.
9. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2019-жылдын 1-январына карата 100.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |