Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XIII кезектеги сессиясы
2018-жылдын 24-декабры № 13-3
“Күн Мээрими” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын жалпы элдик жыйынынын 2018-жылдын 16-сентябрындагы №2 протоколуна ылайык Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кырман айылындагы «Күн Мээрими» балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кырман айылындагы «Күн Мээрими» балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2019-жылдын бюджетинен 700 000 (жети жүз) миң сом акча каражаты каралып аткарууга алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана салык, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |