Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 2
Жаргылчак айыл аймагындагы салыктык эмес жыйындардын баасын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А. Мамытовдун маалыматын угуп, талкуулап “Жаргылчак айыл аймагындагы салыктык эмес жыйындардын баасын бекитүү жөнүндө” Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын
XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республдикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги №1480-XII салыктык эмес төлөмдөр мыйзамынын 12-1-беренелерине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып, жаргылчак айыл аймагы боюнча таштандыларды ташып чыгарууга жыйымдардын баасы төмөндөгүдөй баада бекитилсин:
- Жеке жарандардан түтүн ээлеринен алынуучу жыйым 50 сомдон бекитилсин.
- Юридикалык тарап катары соода түйүндөрү жана коммерциялык структураларда иштеген адамдардын санына жараша 50 сомдон бекитилсин.
2. Жыйымды чогултуу мөөнөтү 2019-жылдын 1-апрелине чейин бекитилсин.
3. Таштандыларды чыгаруу төлөмдөрүнөн жеңилдик берүү 1-2 топтогу майыптарга, баатыр энелерге, жалгыз бой түтүндөргө жана жалгыз жашагандарга, үйүндө эч ким жашабаган түтүн ээлерине берилсин.
4. Ижарага берилген көп жылдык алма-өрүк бактын ижара акысы 3000 сом, айдоо жер 1200 сомдон 1 га бекитилсин, келишим бүткөндөн кийинки ижара төлөмдөрү аукциондун негизинде бекитилсин.
5. Көлдүн жээгиндеги пляждык зоналардын ижара акылары айылдан алыс-жакындыгына, жээктердин кумдуу-таштуулугуна жана эс алуу шартынын ыңгайлуулугуна жараша аукционго коюлсун жана жер комиссиясынын чечиминин негизинде баасы бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго тапшырылсын.
Төрага | К.А.Мокеев |