Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы №3
Чет элдик мергенчилерден жана жайыт акыдан түшкөн акча каражатын толугу менен жайыт комитетинин эсебине Самосвал техникасын алуу үчүн которуу жөнүндө
2018-жыл үчүн чет элдик мергенчилерден жана жайыт акыдан түшкөн акча каражатын толугу менен жайыт комитетинин эсебине Самосвал техникасын алуу үчүн которуу максатында Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын
XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл үчүн чет элдик мергенчилерден жана жайыт акыдан түшкөн акча каражатын толугу менен жайыт комитетинин эсебине Самосвал техникасын сатып алуу үчүн которууга макулдук берилсин.
2. Жетпей калган акча каражаттарын башка булактардан издештирүү жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Жаныбековго тапшырылсын.
Төрага | К.А.Мокеев |