Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 5
Жаргылчак айыл аймагындагы жайыт жерлеринин 2015-2016-жылдары пайдалануусу жөнүндө
“Жаргылчак айыл аймагындагы жайыт жерлеринин 2015-2016-жылдары пайдалануусу жөнүндө” Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаргылчак айыл аймагындагы жайыт жерлеринин 2015-2016-жылдары пайдалануусу боюнча карызы Эсеп палатасынын маалыматы боюнча 96,8 миң сом тузгөн, Салык Кодексинин 58 беренесин аткаруу мөөнөтү 6 жыл деп көрсөтүлгөн, ошол себептен жалпы карыз 290274,6 сомду түзгөн, бирок Салык Кодексинин 337 - беренесинде айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы 7,70. Ал эми ошол эле мыйзамдын 343-беренесинин негизинде салык салуудан жеңилдетүү берилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарга киргизилген айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдө жер салыгынын базалык ставкасы 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдик берилген. Ошондуктан Жаргылчак айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн 50% арзандатуу менен 3,85 сом салык төлөнө турган болсо 24 189,55 түзмөк.
2. Салык кодексинин 343-беренесинин 7 пунктунда көрсөтүлгөндөй, Жаргылчак айыл аймагында жайгашкан жайыт жерлеринин 38 800 га жер алыскы жайыт болуп пайдаланылган эмес, 9 880 га жакынкы жайыт жерлери, булардын ичинен эсеп палатасы тарабынан көрсөтүлгөн көлөмдө жайыт жерлери пайдаланылганы анык. Себеби ошол жылдары малчылар алыскы жайытты пайдаланбастан жай мезгилинде токой чарбасынын жайыт жерлерин пайдаланышкан. Ошол себептен жайыт жерлери толук пайдаланылбагандыктан салык 2015-жылы-37 307 сом, 2016-жылы-18 167 сом төлөнгөн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жайыт комитетинин төрагасы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын
Төрага | К.А.Мокеев |