Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышындагы) кезектеги ХV- сессиясы
2018-жылдын 20-декабры № 81
Ийри Суу айыл өкмөтүнүн 2018 –жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019 жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Ийри Суу айыл өкмөтүнүн 2018–жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019 жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2020-2021-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ийри-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 9619,9 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 9619,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалары 9593,2миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. 2019-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан -50 пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдүн-айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүндө -100 пайыз өлчөмүндө;
в)жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалануу кендери: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялитти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке -100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
5. Жергиликтүү салыктардын жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин, кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
6. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2016-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алган Мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 90.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнө 2019-2020- жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия. көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
9. Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чыгашаларды каржылоого багытталсын.
10. Республикалык бюджеттен тенөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн айыл өкмөттөрү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
11. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
12. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Курманбеков |