Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №XXI-1
2019-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен ар түрдүү жумуштарга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
2019-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен ар түрдүү жумуштарга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен:
-Ноокат шаарынын аймагындагы эл каттоо жумуштарын аткаруу үчүн 100 000 (жүз миң) сом;
-Ноокат шаар мэриясындагы “Бүркүт” маалымат программасынын базасын жаңылоо үчүн 60 000 (алтымыш миң) сом;
-Ноокат шаардык мэриясынын атайын официалдуу веб-сайтын ачуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |