Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 29-марты №XXI-2
Ноокат шаарынын башкы планын түзүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын социалдык экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө, инфраструктурасын жогорулатууга, баштапкы жумуштарды баштоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаар мэриясынын 2019-жыл бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен Ноокат шаарынын башкы планын түзүүгө баштапкы жумуштарды (топо тасма, тех. корутунду, АПУ ж.б.) баштоо үчүн 683 600 (алты жүз сексен үч миң алты жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |